Эгемендүүлүк күнү. Иш-чараларга 3 миллион 700 миң сом каражат жумшалат

09:24, 13 августа 2018, Бишкек - 24.kg

31-август-Эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкекте иш-чараларды уюштуруу үчүн 3 миллион 700 миң сом каражат жумшалат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы жазып чыкты.

Маалыматка караганда,  сынактын жеңүүчүсү баш калаада өтө турган маданий шоу-программалардын сценарийин түзүп, сахна жасалгасынын дизайн-эскизин ойлоп табышы керек. Мындан башка фото-видео тартууларды уюштуруусу зарыл.