Чүйдө дайынсыз жоголгон 2 жашар кыз аман-эсен табылды

12:17, 10 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун Сын-Таш айылындагы «Дача-Лира» тилкесинде А.Н. аттуу дайынсыз жоголгон 2 жашар кыз табылды. Бул тууралуу  КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, кызды издөөгө 60 киши тартылган. 

Издөө иштеринин натыйжасында, куткаруучулар кызды чуңкурдан тирүү табышып, ата-энесине өткөрүп беришти. Абалы канааттандыраарлык.