Ысык-Көл облусунда 3 бала аконит өсүмдүгүнүн эритмесине ууланып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Түп районундагы Ак-Булак айылында жашаган 25 жаштагы аялдын толгоосу келип, Караколдогу төрөт үйүнө кеткен. Ал Күрмөнтү айылында жашаган апасына 3 жана 4 жаштагы 2 баласын таштап кеткен. Ал үйдө дагы бир 9 жаштагы өспүрүм болгон.
«Чоң энеси башка иштер менен алаксып жүргөндө балдар бөтөлкөдөгү суюктукту таап алышкан. Алар шире экен деп ойлоп ичип алышкан. Натыйжада ууланышып, Түп райондук ооруканасына жеткирилди», — деп жазылат маалыматта.