Ысык-Көл облусунда 3 бала аконит өсүмдүгүнүн эритмесине ууланышты

11:21, 10 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл облусунда 3 бала аконит өсүмдүгүнүн эритмесине ууланып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Түп районундагы Ак-Булак айылында жашаган 25 жаштагы аялдын толгоосу келип, Караколдогу төрөт үйүнө кеткен. Ал  Күрмөнтү айылында жашаган апасына 3 жана 4 жаштагы 2 баласын таштап кеткен. Ал үйдө дагы бир 9 жаштагы өспүрүм болгон. 

«Чоң энеси башка иштер менен алаксып жүргөндө балдар бөтөлкөдөгү суюктукту таап алышкан. Алар  шире экен деп ойлоп ичип алышкан. Натыйжада ууланышып, Түп райондук ооруканасына жеткирилди», — деп жазылат маалыматта.