21:45
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Өзбекстанда садака аз чогулткан мечиттер жабылып калышы мүмкүн

Кашкадарья облусундагы «Яргунчи» мечитинин кызматкерлери бир миллион сум садака (128 доллар) чогултууга милдеттендирилди. Диний мекеменин эшигине: «Эгер мечиттин эсебине бир миллион сум садака түшпөсө, ал жабылып калышы мүмкүн», деген жарыя илинген.

Мечиттин имамы Бурхан Пардаев бул маалыматты тастыктап, жарыя Муфтияттын Кашкадарья облустук башкармалыгынын буйругунун негизинде илингенин айтты. Ал садакка аз түшкөндүктөн кызматкерлер айлык акы албай жатышканын билдирди.

Имам мечит эшигине жарыя илингенден бери садаканын көлөмү көбөйгөнүн белгиледи. «Биздин эсепке миллион сум түшпөсө дагы, элдер кичинеден жардам бере башташты. Мечити жок кыштактардагы мусулмандар жарыяны окугандан кийин 50 миң сумдан чогултуп берүүнү убадалашты», —деди «Яргунчи» мечитинин имамы.

Бул арада Өзбекстанда мечитке түшкөн акчаларды көзөмөлдөө күчөтүлдү. Имамдардын айтымында, мечиттеги үкөктөр ар жума күнү Салык комитети, ИИМ, Мажбурлап аткартуу бюросунун өкүлдөрүнүн катышуусунда ачылат.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума