Орусиядан Кыргызстанга издөөдө жүргөн 61 жаштагы Бурханидин уулу Өмүрбек экстрадицияланды. Бул тууралуу Москва прокуратурасынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Бурханидин уулу Өмүрбек 2015-жылдан бери Кыргызстандын укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн. Ага талап-тоноо жана зордуктоо беренелери боюнча айып тагылууда.
Кылмышка шектүү 2014-жылы бир аялга каракчылык менен кол салып, баалуу буюмдарын тоноп кеткен. Ошондой эле ал күч колдонуп аялды зордуктаган.
Ал Орусиядан кармалып, өз мекенине өткөрүлүп берилди.