Орусия издөөдө жүргөн 61 жаштагы кыргызстандыкты өткөрүп берди

09:38, 10 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Орусиядан Кыргызстанга издөөдө жүргөн 61 жаштагы Бурханидин уулу Өмүрбек экстрадицияланды. Бул тууралуу Москва прокуратурасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бурханидин уулу Өмүрбек 2015-жылдан бери Кыргызстандын укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн. Ага талап-тоноо жана зордуктоо беренелери боюнча айып тагылууда.

Кылмышка шектүү 2014-жылы бир аялга каракчылык менен кол салып, баалуу буюмдарын тоноп кеткен. Ошондой эле ал күч колдонуп аялды зордуктаган.

Ал Орусиядан кармалып, өз мекенине өткөрүлүп берилди.