Таласта 38 жаштагы эркек кишини 37 жаштагы эркек зордуктады. Бул тууралуу Талас ОИИБдан билдиришти.
Маалыматка караганда, Талас районунун Жон-Арык айылынын тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда ал жакын таанышы үйүнө келип, күч колдонуп зордуктаганын айткан.
Аталган факт боюнча кылмыш иши козголду. Эки тургун тең үй-бүлөөлү экени айтылууда.