Стамбул шаарындагы жаңы аэропорттун жалпы аянты 76,5 миллион чарчы метрди түзөт. Терминалдын аянты 1,6 миллион чарчы метр.
Шаарда ошондой эле Сабиха Гөкчен атындагы эл аралык аэропорт иштейт.
31-октябрдан тарта «Ататүрк» аэропорту кызматтык, жеке жана өкмөттүк каттамдарды гана тейлей баштайт. Кийинчерээк аба майданы толугу менен ишин токтотот.
«Ата Түрк» аэропортунан 2017-жылы 32 миллиондон ашык чет өлкөлүк жүргүнчү өткөн. Алардын 105 миңге жакыны кыргызстандыктар.