15:42
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Темирлан Ормуков Индира Жолдубаевадан 50 миң сом өндүрүп берүүнү өтүндү

Көзү азиз активист, акын Темирлан Ормуков 7-августта мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаевага каршы Бишкектин Октябрь райондук сотуна арыз жазды. Бул тууралуу ал «Азаттыкка» билдирди. 

Анын сотко жазган доо арызында Индира Жолдубаева башкы прокурор болуп турган кездеги өзүнө карата болгон аракеттерди «мыйзамсыз» деп табуу, «Кылмыш-процессуалдык кодексине ылайык андан жоопкер катары 50 миң сом өндүрүп берүү өтүнүчү камтылган.

Ошондой эле соттук чыгымдарды төлөөнү Индира Жолдубаевага милдеттендирүүнү сураган.

Темирлан Ормуков өзүн сотко жетирген «Ажонун ооруп жүрөгү» деген кыргыз тилиндеги ырын прокуратура органдары орусча экспертиза кылганы «туура эмес» деп эсептейт. Териштирүү учурунда ар кандай убаракерчилик тартып, кысым көрсөтүлгөнү үчүн ошол кезде Башкы прокуратураны жетектеген Индира Жолдубаева жооп бериши керектигин айтууда.

Акын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди сындаган ырына байланышуу айыпталган.

Ага каршы Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев укук коргоо органдарына арыз жазган. Бишкектин Октябрь райондук соту быйыл мартта Ормуковду «соттук отурумдарга келбей жатат» деген жүйө менен бир айга № 1 тергөө абагына камоо тууралуу чечим чыгарган.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 5-апрелде аны ооруканада жаткан жеринен колуна кишен салып алып кетип, № 1 тергөө абагына камаган. Ал абактан 11-майда чыккан.

Башкы прокуратура 2-июлда Темирлан Ормуков тергөө абагына камалган учурда «анын арызы убагында каралган эмес, эркиндикке болгон конституциялык укугу бузулган» деген айыптын негизинде Жогорку соттун үч судьясына жана Бишкектин № 1 тергөө абагынын кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Шалаакылык», «Адамды мыйзамсыз кармоо» беренелери менен кылмыш ишин козгогон.

Ормуков судьялардын үстүнөн арыз жазбаганын билдирип, муну Башкы прокуратуранын өз күнөөсүн жабуу аракети катары баалап жатат. Ишти азыр УКМК тергөөдө. Ормуков өзүнө козголгон кылмыш ишти «саясий куугунтук» катары бааласа, депутат Дастан Бекешев мындай дооматты четке каккан.

Эң көп окулган жаңылыктар