05:12
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бутка ок атып. Кой-Таштагы жоокерлер арызданышты

Чүй облусуна караштуу Кой-Таш айылындагы № 73809 бөлүмдүн аскер кызматында кызмат өтөп жатышкан жоокерлер укук коргоочуларга арызданышты. Алар командирлеринин шылдыңына тушугуп жатканын билдиришкен. Бул тууралуу 24.kg агенттигине «Кылым Шамы» укук коргоо борборунун башчысы Азиза Абдирасулова билдирди.

Анын айтымында, 6 жоокер арыз менен кайрылышты. Аларды командирлери жакынкы айылдарга алып барышып, кык чыгартып, чоочун унааларды оңдоттуруп жана арык каздырышкан.

«6 жоокерден 3өө арыздарын кайтарып алышты. Анткени жогору жактан басым көрсөтүлгөн. Жогорку офицерлер, прапорщиктер тарабынан басмырлоо, кодулоо болгон. Жоокерлердин айтымында, командирлердин бири алардын бутуна ок чыгарып, атып сала тургандыгын билдирген», — деди Азиза Абдирасулова.

Алдын ала алынган маалыматка караганда, Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы окуя боюнча кылмыш ишин козгоду.

Эң көп окулган жаңылыктар