37 троллейбустун он беши Беларус, 22си Орусиянын өндүрүшүнөн чыккан. Троллейбус чыгарган заводдордун адистери Бишкек троллейбус башкармалыгынын айдоочуларына транспортту башкаруу тууралуу кеп-кеңештерин берип, үйрөткөнү кабарланды.
Башкалаада жолдорду оңдоо иштерине байланыштуу жаңы троллейбустардын 70 пайызы ишке киргизиле элек. Шаарда коомдук транспорттун тартыштыгы эң курч көйгөйлөрдүн бири.