Келишимдик кызматтагы аскер кызматкерлеринин эмгек акысы 30 пайызга көтөрүлдү

11:35, 09 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Келишимдик кызматтагы аскер кызматкерлеринин эмгек акысы 30 пайызга көтөрүлдү. Бул тууралуу  өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Тиешелүү токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. 

Белгиленген чечим аркылуу келишимдик кызматтагы аскер кызматкерлеринин (катардагы, сержанттык жана улук курамдын) айлык маянасы пайыздык катышта 30 пайызга көтөрүлдү.