Келишимдик кызматтагы аскер кызматкерлеринин эмгек акысы 30 пайызга көтөрүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Тиешелүү токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Белгиленген чечим аркылуу келишимдик кызматтагы аскер кызматкерлеринин (катардагы, сержанттык жана улук курамдын) айлык маянасы пайыздык катышта 30 пайызга көтөрүлдү.