Мектеп окуучусу жардан кулап каза болду

11:31, 09 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунда мектеп окуучусу мисте терип жүрүп, жардан кулап кетти. Бул тууралуу ОИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Майлуу-Суу шаарынын 15 жаштагы тургуну классташтары менен бирге Тулку-Жар капчыгайына мисте терүү үчүн кеткен. Ал чалынып кетип 60 метрлик жардан кулап каза тапты.

Каза болгон баланын ата-энеси Орусияяда иштешет. Ал тайэне, тайатасынын колунда болчу.