Троллейбустук линиялар иштен чыккандыктан айрым троллейбустар каттамга чыгышпады

10:02, 09 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Троллейбустук линиялар иштен чыккандыктан № 2, № 17 троллейбустар каттамдарын жүргүзгөн жок. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, № 7 троллейбус Анкара көчөсүнө чейин гана каттайт.

«Айдоочулардын бири троллейбус линиясынын мамысын сүзүп алган. Учурда жумушчулар окуя болгон жерге барып, оңдоп жатышат», -деп билдиришти мэриядан.