Бишкекте Үмөталиев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылды

09:21, 09 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкекте оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Үмөталиев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка таянсак, Үмөталиев көчөсүнүн кезектеги бөлүгүндө жол оңдоо иштери башталды. Ал 28-августка чейин уланмакчы.

Бул жылы Үмөталиев көчөсүнүн 2 чакырымдай бөлүгү — Жибек Жолунан Бөкөнбаевге чейин оңдолот.