Бишкекте спортчу 19 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылды

17:15, 08 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкекте спортчу 19 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалым болгондой, жабырлануучу кыз зордуктоого кабылбаш үчүн 3-кабаттан секирген. Анын омурткалары жабыркаган. Алдын ала алынган маалыматка караганда, шектүү панкратион боюнча Евразиянын чемпиону Улан Эралиев.

Бишкек ШИИББдан билдиришкендей, кыздан арыз келип түштү. Учурда жабырлануучу ооруканада жатат.