Чүйдө пенсионер дайынсыз жоголду. Милиция издөө салат

16:43, 08 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн РИИБнын кызматкерлери дайынсыз жоголгон 1932-жылы туулган Москалев Герасим Ивановичти издеп жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБдан билдиришти.

Маалыматка караганда, пенсионер Пригородное айылында жашайт. 7-августта үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес.

Өзгөчө белгилери: бою 173-, арык дене түзүлүштө, чачы ак, кыска. Клетка рубашка, кара жеңи жок пенжек, көк шым кийип жүргөн. Ал эсин жоготуп коет. Анын оң буту жок, майыптар коляскасында жүрөт. Аны көргөн-билгендер болсо төмөнкү дарекке билдирип коюңуздар: 0312363527, 0312363523, 0700675556, 0700209666.