07:11
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Балыкчы-Ананьево-Каракол жолунда 4 унаа сүзүштү

Балыкчы-Ананьево-Каракол жолунда 4 унаа сүзүштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, ВАЗ-2107, Honda Stepwgn, Volkswagen Golf 3 жана Renault Duster үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен ВАЗ-2107 унаасынын 26 жаштагы айдоочусу каза болуп, бир жүргүнчү жабыркаган.

Андан сырткары Honda Stepwgn унаасындагы 25 жаштагы кыз жана 32 жаштагы Франциянын жараны жаракат алышты. Алар ооруканага жеткирилди.

Эң көп окулган жаңылыктар