Ошондой эле ал мурдагы мэрлер сыяктуу кылмыш иши козголуп, камалуудан коркпой турганын, мыйзамдуу иштегенге аракет кыларын билдирди.
«Кызматка киришкен соң командаңызды алмаштырасызбы?» деген суроого ал бул тууралуу ойлоно электигин, аймактык шайлоо комиссиясынын чечими чыкмайынча муну талкуулоо туура эместигин айтты.
8-августта Азиз Суракматовду шаардык кеңештеги депутаттар көпчүлүк добуш менен мэрликке шайлады.
Суракматов шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция сунуштаган жалгыз талапкер катары шайлоого ат салышты.