«ТК Георезерв» ЖАКтын 200гө жакын жумушчусу акчанын жетишсиздигинен иштен кетти

14:33, 08 августа 2018, Бишкек - 24.kg

«ТК Георезерв» ЖАКтын 200гө жакын жумушчусу акча каражатынын жетишсиздигинен улам иштен бошотулду. Бул тууралуу тоо-металлургия профсоюзунун төрагасы Элдар Тажибаев билдирди..

Маалыматка караганда, аталган фабриканын имаратынын алдында жумушчулар нааразычылык билдиришип, акыркы 5 айдын төлөнө элек маяналарын толугу менен берилишин талап кылышууда. Жумушчулардын дээрлик көпчүлүгү 1-августта иштен бошотулган. 

Эки тараптуу сүйлөшүүдөн кийин мекеменин директорунун орун басары Светлана Черемисина 17-августка чейин айлык акылары толугу менен төлөнө тургандыгын айтты. 

Аталган ишкана Ак-Түздө курамында алтын бар кендерди кайра иштетүү жана байытуу менен алектенет.