Жолугушуу учурунда Фергана жана Баткен облустарына чектеш Шахимардан жана Газнов тилкелери аныкталды. Андан соң протоколго кол коюлуп, Фергана, Наманган жана Баткен менен Жалал-Абад облусундагы калган тилкелерде иликтөө жүргүзө турган күндү белгилешти.
Былтыр Кыргызстан менен Өзбекстандын 1378 чакырым чек арасынын 1170 чакырымы же 85% такталган. Калган 208 чакырым же 15% жыл 2017-жылдын соңуна чейин макулдашылары айтылып, бирок аны делимитациялоо жана демаркациялоо аягына чыкпай калган. Адистер чек аранын калган бөлүгү эң оор участкалар экенин, муну тактоо жакын арада бүтпөй турганын айтып келет.