Аткезчилик жолу менен ташылып бара жаткан тамекилерди таап чыгышты

11:55, 08 августа 2018, Бишкек - 24.kg

УКМКнын кызматкерлери Тажикстанга аткезчилик жолу менен ташылып бара жаткан тамекилерди таап чыгышты. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка караганда, «Хонда Степвагон» жана «Тойота Эстима» унааларын текшерүү маалында белгилүү компанияга тиешелүү 40 миң куту тамеки табылган. Анын жалпы суммасы 1 миллион 556 миң 602 сомду түздү.

Окуя Баткен облусуна караштуу Лейлек районунда катталды.

Аталган факт боюнча иликтөө уланууда.