Азиз Суракматов Бишкектин мэри болуп шайланды

11:24, 08 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары жаңы мэрди шайлашты. Шаардын башчысы болуп Азиз Суракматов шайланды. Добуш берүүгө 44 депутат катышып, анын талапкерлигин жактап 43 эл өкүлү добуш берди. 1 депутат каршы болду.

Фото

Эске салсак, аталган кызматка ат салышкан жалгыз талапкер Азиз Суракматов болду. Анын талапкерлигин Бишкек шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясы көрсөтүшкөн.