06:20
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Казакстанда ИИМ министри Денис Тендин өлүмү боюнча биринчи жолу үн катты

Казакстан ички иштер министри Калмухамбет Касымов маркум спортчу Денис Тендин өлүмүнө шектелген кишилердин кармалышы боюнча кененирээк маалымат берди.

Касымовдун айтымында, биринчи шектүү аркылуу полиция экинчисин кармаган. Үчүнчү шектүү дарегин алмаштыргандыктан, аны кармоо кыйынга турган. Буга байланыштуу улуттук гвардия атайын операция уюштурган.

Министр кылмышка шектүү үч киши тең Алматыга башка аймактардан келгенин айтты.

«Экөө — Жамбыл, дагы бири — Кызылордо облусунан келген. Үчүнчү шектүү аял Алматыда официант болуп иштемек болгон. Кармалган эки жигит унаалардын күзгүсүн уурдоо менен алектенген», — деди Касымов.

Денис Тен 1993-жылы 13-июлда Казакстанда төрөлгөн. Ал 2014-жылы Сочиде өткөн Олимпиадада коло медал тагынган. Андан бир жыл мурда Дүйнө чемпионатында күмүш алган.

Көркөм муз тебүү боюнча белгилүү спортчу Денис Тенди 19-июлда Алматынын борбордук бөлүгүндө бычактап кетишкен. Ага автоунаасынын күзгүсүн уурдагысы келген кишилер кол салган. Тен көп кан жоготкондуктан, ооруканада жан берген.

Эң көп окулган жаңылыктар