№ 1 балдар үйүнүн мурдагы директору Камол Якубов жана анын орун басары Собиржон Усманов шалаакылык, мамлекеттин акчасын уурдоо, аялдарды аборт жасатууга мажбурлоо беренелери боюнча айыптуу деп табылып, төрт жылга соттолушту.
Мындан тышкары балдар үйүнүн фельдшери Ихтиёр Юлдашев үч жарым жылга, тарбиячы Равшан Абдуфаттоев үч жылга түрмөгө кесилди. Дагы үч кызматкер үч жылга эркинен ажыратылды.
Бул кылмыш иши боюнча жалпысынан Маргиландагы № 1 балдар үйүнүн мурдагы он кызматкерине карата өкүм чыкты.
Маалыматтарга караганда, тарбиячылар жана фельдшер 3 жаштан 7 жашка чейинки балдарды дайыма сабап турган. Мындан тышкары боюна бүтүп калган жашы жете элек өспүрүм кызды медайым аборт жасатууга мажбурлаган.
Балдар үйүнүн жетекчилиги бухалтерия менен кутумга барып, 167 миллион сум өлчөмүндөгү бюджеттик каражатты кымырып алганы аныкталган.