Мурат Мукамбетов өкмөттүн аппаратынын жетекчиси кызматынан бошотулду

09:27, 08 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Мурат Мукамбетов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчиси-министр кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Маалым болгондой, президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык Мукамбетов Мурат  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчиси-министр кызматынан өз каалоосу менен бошотулду.