13:04
USD 68.90
EUR 80.95
RUB 1.04

Кыргыз Республикасынын эл артисти Турсун Уралиев дүйнөдөн өттү

Кыргыз маданияты, улуттук теле, радиоберүү тармагы орду толгус оор жоготууга учурады. Тунгуч радио режиссеру, театр жана кино актеру, Кыргыз Республикасынын эл артисти Турсун Уралиев 85 жаш курагында узакка созулган катуу оорудан кийин дүйнөдөн өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Турсун Уралиев 1933-жылы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кара-Жал айылында жарык дүйнөгө келген.  1957-жылы Ташкенттеги Н. Островский атындагы театралдык институтту ийгиликтүү аяктап, эмгек жолун Кыргыз Мамлекеттик драма теарында актер болуп иштөөдөн баштаган.

Өз убагында Турсун Уралиев атактуу Саякбай Каралаевдин үнүн радиого түшүргөн эң алгачкы режиссер. Ал «Манас» эпосун сактап жайылтууга эбегейсиз салым кошуп, анын миллиондогон саптарын атактуу манасчынын аткаруусунда жазып, ысмын түбөлүккө калтырды. Ошондой эле кыргыз жазуучулары Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Касымалы Жантошев, Чынгыз Айтматов, Төлөгөн Касымбеков жана башка белгилүү инсандардын чыгармаларын кыргыз радиосу аркылуу чагылдырууда баа жеткис чоң иш жасады.
 
Турсун Уралиев 1993-жылы «Кыргыз Республикасынын эл артисти» наамын алгачкылардан болуп алып, 2001-жылы «Данк» медалы менен сыйланган.

Маалымат: Маркум менен коштошуу аземи 8-августта Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациянын алдында өтөт.
Эң көп окулган жаңылыктар