Жергиликтүү тургундар милицияга телефон чалып, көчөдө топтошкон жигиттер жаңжалдашып жатканын, октун үнү угулганын билдиришкен.
Ыкчам иликтөө тобунунун кызматкерлери барган учурда ал жерде төрт-беш жигит туруптур. Милициянын машинесине ок атып, андан соң таш ыргытып ар кайсыл жака качып кетишкен.
Сталбек Усубакунов
Тартип сакчылары да аларга каршы табелдик курал менен ок атып, шектүүлөрдүн экөө кармалган. Бири Тоң районунун, экинчиси Балыкчы шаарынын 20 жаштагы тургундары. Алардан ИЖ-18ЕМ үлгүсүндөгү эки даана аңчылык куралы жана үч ок табылган. Башкаларды издөө уланып жатат.