USD87.45EUR98.34RUB1.04
24.kg

Балыкчыда «милиционерлерге ок атты» деп шектелгендер кармалды

08:38, 08 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Балыкчы шаарында «милиция кызматкерлерине ок атты» деп шек саналгандар кармалды. Ысык-Көл облустук ишки иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов «Азаттыкка» билдиргендей, окуя 6-августта түнкү саат он бир жарымга жакын болгон.

Жергиликтүү тургундар милицияга телефон чалып, көчөдө топтошкон жигиттер жаңжалдашып жатканын, октун үнү угулганын билдиришкен.

Ыкчам иликтөө тобунунун кызматкерлери барган учурда ал жерде төрт-беш жигит туруптур. Милициянын машинесине ок атып, андан соң таш ыргытып ар кайсыл жака качып кетишкен.

Сталбек Усубакунов

Тартип сакчылары да аларга каршы табелдик курал менен ок атып, шектүүлөрдүн экөө кармалган. Бири Тоң районунун, экинчиси Балыкчы шаарынын 20 жаштагы тургундары. Алардан ИЖ-18ЕМ үлгүсүндөгү эки даана аңчылык куралы жана үч ок табылган. Башкаларды издөө уланып жатат.

 

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18