7-августтагы отурумда прокурор айыпталуучуну эки жылга эркинен ажыратууну өтүндү. Бирок сот аялдын кылганына өкүнүп, мындан ары сойкулук менен алектенбей тургандыгы жөнүндөгү айткандарын жана үй-бүлөсүнүн экономикалык абалы оор экенин эске алып, ага карата жазаны жеңилдетти.
Эми он күндүн ичинде соттолгон аялдын туугандары жана адвокаты өкүм боюнча жогорку баскычтагы сотко даттана алышат.
Аялдын өзү 30 жашта жана анын эки баласы бар. Ал 2014-жылдан бери ВИЧ/СПИДге каршы күрөшүү борборунда каттоодо турганына карабастан, күйөөсү менен ажырашкандан кийин интимдик кызматтарды көрсөтүүсүн уланта берген.