Айнур Абдылдаева юстиция министри кызматынан бошотулду
13:42, 07 августа 2018, Бишкек - 24.kg
Айнур Абдылдаева юстиция министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыктын негизинде «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24-беренесинин З-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция министри Абдылдаева Айнур Нуралиевна ээлеген кызматынан бошотулду.