06:57
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Казакстанда бала зордуктоого шектелген 3 жаранга карата кылмыш иши токтотулду

Казакстандын Башкы прокуратурасы Түркестан облусунун Абай районунда кичинекей баланын ыктымал зордукталышы боюнча тергөө иштери аяктагынын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, төрт шектүүнүн үчөөсү 14 жашка чыга элек болгондуктан, аларга карата кылмыш иши токтулду.

Өлкөнүн Кылмыш кодексине ылайык, сексуалдык зомбулук үчүн жоопкерчилик 14 жаштан башталат. Төртүнчү шектүүнүн иши кичинекей балага карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттерин көрүү беренеси боюнча каралууда.

Мекемеден кабарлашкандай, тергөөнүн жүрүшүндө 18 экспертиза жана изилдөө иштери жүргүзүлгөн. Жабырлануучулардын өтүнүчү менен аларга Кыргызстандын, Орусиянын жана Грузиянын адистери киргизилген. Эрезеге жете электердин жашыруундуулук укуктары тууралуу мыйзамга ылайык, кылмыш иштин чоо-жайы ачык айтылган жок.

Абай айылында кичинекей балага карата ыктымал зомбулук көрсөтүлгөндүгү тууралуу маалымат быйыл марттын ортосунда пайда болгон.

Айылдын 60 жаштагы тургуну Шарипа Батырбекова небереси былтыр августтан бери «бир канча жолу сабалып, зордукталганын» билдирген.

Бул окуя социалдык түйүндөрдө жана ЖМКларда чоң резонанс жараткан. Буга байланыштуу аймактын бийлиги бир нече кызмат адамы жумуштан алынганын жарыялаган.

Эң көп окулган жаңылыктар