Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы депозиттик эсепке акча которду

10:44, 07 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы Бирдиктүү депозиттик эсепке акча которду. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти. 

Маалым болгондой, аталган эсепке 80 миллион 14 миң 470 сом өлчөмүндө акча которду.

Эске салсак, буга чейин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы 63 миллион 362 миң 758 сом которгон болчу. Бирдиктүү депозиттик эсепке которгон акча каражаттарынын жалпы суммасы 143 миллион 377 миң 228 сомду түздү.