Бишкекте жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн балдары Ысык-Көлдө эс алышууда

08:54, 07 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкектин Октябрь районунда жашаган аз камсыз болгон жардамга муктаж үй-бүлөлөрдөн 25 бала 12 күндүк эс алуу үчүн Ысык-Көлдөгү «Келечек» балдар лагерине жөнөп кетишти. Бул тууралуу аталган райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка караганда, балдар Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын эсебинен эс алышмакчы.

Жайкы лагерде жеткинчектер үчүн спорттук иш-чаралар уюштурулат.