Тажикстандын авиациялык бийлигинин маалыматына караганда, жакында Өзбекстандын шаарлары менен аба байланышы кеңейип, коңшу өлкөгө Бохтар жана Куляб аэропортторунан дагы учууга мүмкүн болот.
Душанбе-Бухара каттамы үчүн билет баасы 485 сомонини же 51 долларды түзөт. Жүргүнчүлөр бул «Тажик Эйр» авиакомпаниясы аткарып жаткан Душанбе-Самарканд каттамы үчүн сатылып жаткан билет баасынан бир аз кымбатыраак экенин айтышууда.
28-июлда «Тажик Эйр» авиакомпаниясы Душанбе-Самарканд багыты боюнча алгачкы каттамын аткарып, билет баасы 300 сомониден сатылган. Андан мурда «Сомон Эйр» авиакомпаниясы Душанбе-Ташкент багыты боюнча уча баштаган. Бул каттам үчүн билет баасы 680 сомонини түзөт.
Эки өлкөнүн шаарларынын ортосундагы туруктуу автобус жана аба байланыштар 1992-жылы, Тажикстанда жарандык согуш башталганда токтотулган. Былтыр апрелден тарта Душанбе жана Ташкент шаарларынын ортосунда аба каттам ачылган.