02:29
USD 87.45
EUR 102.22
RUB 1.14

Кемпир-Абад суу сактагычына чөгүп кеткен өспүрүмдүн жансыз денеси табылды

Кемпир-Абад суу сактагычына чөгүп кеткен 13 жаштагы өспүрүмдүн жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.



Маалым болгондой, Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Кемпир-Абад суу сактагычына 2005-жылы туулган Б. уулу Д. аттуу өспүрүм бала чөгүп кеткен. Кечээ издөө иштери жүргүзүлүп натыйжа чыккан эмес.

Бүгүн саат 15:25те маркумдун жансыз денеси табылып туугандарына өткөрүлүп берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар