Расмий кабарга ылайык, көбүнчө Анталия, Стамбул жана Анкара сыяктуу чоң шаарларда чет элдик аялдар «жумуш таап берем» деген куру сөзгө алданып калган учурлары катталган.
Акыркы үч жылда Түркияда кулчулукка кабылган 642 чет өлкөлүк жарандын 460ы аял кишилер болгон.
Түркиянын Миграция департaментинде 19 миңден ашык кыргызстандык катталган. Мыйзамсыз иштеп жүргөндөр миңдеп саналары айтылат.
Алар негизинен Стамбул, Анкара, Измир, Анталия сыяктуу ири шаарларда жашап, иштешет.