Шылдырак жана Кыз-Көл жайлоосуна чагылган түшүп, 158 баш кой-эчки өлдү

15:51, 06 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Жалал-Абад облусундагы Шылдырак жана Кыз-Көл жайлоосуна чагылган түшүп, 158 баш кой-эчки өлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Токтогул районунун Шылдырак жайлоосуна чагылган түшүп, кесепетинен М.М. аттуу жарандын короосундагы 41 баш кой-эчкиси өлгөн. Алардын 35и эчки жана 6 баш кой болгон.

Окуя болгон жерге райондук ветеринардык кызматынан 1 жана айыл аймагынан 2 кызматкер барган. Өлгөн кой-эчкилердин тарпы 5-август күнү тартылган күчтөрдүн жардамы менен жерге көмүлгөн.

Ушундай эле кырсык Сузак районуна караштуу Кыз-Көл айыл аймагындагы Чал жайлоосунда катталган. Аталган жайлоого чагылган түшүп, А.М. жана З.М. аттуу жарандардын короосунан жалпы 117 баш кой өлгөн.