11:54
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Өкмөт башчы: Республиканын 38 кесилиш жолдору камералар менен жабдылат

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн өлкөнүн премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту. Анда өлкөдөгү экономикалык өсүштү камсыздоо жана жарандардын турмушун жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды. 



Мухаммедкалый Абылгазиевдин маалыматына ылайык, ведомство аралык жумушчу топ аркылуу «Коопсуз шаар» долбооруна карата технико-экономикалык негиздеменин жана техникалык тапшырманын долбоорлору иштелип чыкты.

Анын алкагында республиканын 38 кесилиш жолдору, 52 стационардык чектери эрежени бузгандарды каттаган камералар менен жабдылып, 20 мобилдик аппараттык жана программалык камсыздоо системалары менен камсыздалат.



КР Мамлекеттик маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети 2018-жылдын 20-июлунда бул долбоорду ишке ашырууга катышууну каалаган компаниялар арасында конкурс жарыялады, анын жыйынтыгы менен баштала турган мөөнөтү аныкталат.

«Бүгүнкү күндө «Жергиликтүү өзүн-өзү башкарууга маалыматтык киоск», «Бала бакчаларга Е-кезекке туруу», «Гибриддик почта» сыяктуу 7 долбоор ишке ашырылды. 10 долбоор ишке ашырылууда, дагы 16 долбоор пландаштырылган», — деп маалымдады Мухаммедкалый Абылгазиев.

Эң көп окулган жаңылыктар
24-апрель, шаршемби
23-апрель, шейшемби