Кемпир-Абад суу сактагычына 13 жаштагы өспүрүм чөгүп кетти
14:53, 06 августа 2018, Бишкек - 24.kg
Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Кемпир-Абад суу сактагычына 13 жаштагы өспүрүм чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка караганда, аталган суу сактагычка 2005-жылы туулган Б. уулу Д. аттуу өспүрүм бала чөгүп кеткен. Издөө аракеттери болгону менен натыйжа чыга элек.