11:45, 06 августа 2018, Бишкек - 24.kg
Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Көмүр шаарынын Бачок тилкесинде Нарын дарыясына 1988-жылы туулган Б.З. аттуу жаран түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, издөө иштерине 19 куткаруучу тартылды.
Жаранды издөө иштери уланууда.