Кыргызстандык Юлия Фернас Казакстанда өткөн триатлон боюнча чемпионатта жеңди

11:01, 06 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык Юлия Фернас Казакстанда өткөн триатлон боюнча чемпионатта жеңүүчү аталды. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган иш чарага Орусия, Кыргызстан, Казакстан, Түштүк Кореядан келишкен 190 спортчу катышты. Алар 1 миң аралыкта сүзүп, 40 чакырым аралыкты велосипед менен басып өтүп, 10 чакырым аралыкта чуркоосу керек болчу.

Юлия Фернас баардык сынактарды 2 саат 28 мүнөт 21 секундда басып өтүп, жеңүүчү аталды.