05:27
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Телефон уурдоого шектелип 17 жаштагы өспүрүм кармалды

Ысык-Көл облусуна караштуу Бостери айылында «Алтын кум» пансионатында телефон уурдоого шектелип 17 жаштагы өспүрүм кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кылмышка шектүүнүн жанынан Samsung жана IPhone үлгүсүндөгү смартфондор табылды. Анын Баткен облусунун Кадамжай районунан келгени аныкталды.

Учурда ал Чолпон-Ата ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума