Бостериде эс алып жүргөн Казакстандын жараны каза тапты

10:18, 06 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл облусунун Бостери айылында эс алып жүргөн Казакстандын жараны каза тапты. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бостери айылындагы менчик коттедждердин биринде Казакстандык үй-бүлө эс алышкан. Анда үй-бүлө башчысы 3 күн бою алкоголдук ичимдик ичкени белгилүү болду. Анын өлүмү боюнча тергөө иштери уланууда.