Тик учактын кыйрашы. Сооронбай Жээнбеков Россиянын президентине көңүл айтты

09:23, 06 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путинге Ми-8 вертолетунун трагедиялуу кыйрашынан улам көп адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти. 

«Красноярск крайында Ми-8 тик учагынын трагедиялуу кыйрашынан улам көп адамдардын курман болгондугу тууралуу кайгылуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана өз атымдан каза тапкандардын туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтуумду жеткирип коюуңузду өтүнөм. Орду толгус оор жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөбүз», -деп белгиленет Мамлекет башчысынын телеграммасында.