Тамчы айылында унаа кырсыгы катталды

17:54, 03 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл облусундагы Тамчы айылында унаа кырсыгы катталды. Бул тууралуу Ысык- Көл ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Тамчы айылында «Хонда Фит» үлгүсүндөгү автоунаа жолдон чыгып кетип оң капталы менен туруп калган. Унааны 1984-жылы туулган Таластык А.Таалайбек башкарып бара жаткан. Анын жанында 1990-жылы туулган Ү.Гүлзада аттуу жүргүнчү да болгон.

Эки жаран тең жеңил жаракат алып, Балыкчы шаардык ооруканага жеткирилди.