14:09, 03 августа 2018, Бишкек - 24.kg
Бишкекте коомдук транспортту башкарып бара жатып тасма көргөн айдоочу кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыктан билдиришти.
Маалыматка караганда, 1-августта социалдык тармактарда коомдук транспорттун айдоочусу унаа башкарып бара жатып тасма көргөндүгү тууралуу видео тараган.
Натыйжада № 128 маршруттун айдоочусу Билимбек Токтоназаров кармалды.
Айдоочуга карата административдик иш козголду.