Бишкекте маңзат ташууга шектүү кишини кармашты

13:58, 03 августа 2018, Бишкек - 24.kg

ИИМдин баңгизаттарга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери Бишкекте маңзат ташууга шектүү кишини кармашты. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.

Маалым болгондой, кылмышка шектүү Баткен облусунун 35 жаштагы тургуну экени аныкталды. Анын «Митцубиси-Паджеро» үлгүсүндөгү гашиш табылды.

Колго түшкөн киши убактылуу кармоочу жайга киргизилди.